Достор, баарыңырга салам!

        Аты-жөнүм Эрикова Айсанем Эрмековна. 2015 жылдын 2 октябрында жарык дүйнөгө келгем. Кичиникей кезимен эле ырдаганды бийлегенди жакшы көрөм, ошол үчүн ата-энем 2.5 жашымда Акшоола балдар хоруна беришкен. Азыр 3.5 жаштамын.  Көптөгөн концерттерге катыштым. Жакшы көргөн ырлар:  “А мен ай-ай баламын”, “Чап-чап”, “Мамалак”, “Жан апам”, “Доктур эже”, ж.б.. бир гана ырдаганды эмес бийлегенди да жактырам. Бош убактымда апам экөөбүз сүрөттөрдү боёойбуз. Кийин чоңойгондо доктур эже болом.

Силерди да бирге ырдаганга чакырам. Ырдоо, бийлөө эң сонун!

Эрикова Айсанем Эрмековна