ЖАШ БАЛДАР ОЙЛОП ТАПКАН 4 ПАЙДАЛУУ БУЮМ

Башталышы гезитибиздин 26-санында

Карда жүргүч

Ойлоп тапкан: Жозеф-Арман Бомбардье, 15 жаш

       Карда жүргүчтү жаш канадалык Жозеф-Арман Бомбардье ойлоп тапкан. Анын туулган күнүнүө атасы “Ford T” белек кылган. Өспүрүм бир аптага жетпеген убакта унаанын тетиктерин ажыратып, андан карда жүргүчтүн моделин түзгөн. Кийин ал учак чыгаруу боюнча атагы алыска кеткен Bombardier компаниясын түзгөн. Ал ишкана азыр да карда жүргүчтөрдү чыгарат.

Рак илдетин аныктоонун жаңы ыкмасы

Ойлоп тапкан: Джек Андрака, 15 жаш

       15 жаштагы окуучу онкологиялык ооруларды аныктоонун жаңы ыкмасын ойлоп тапкан. Анын ыкмасы мурда колдонулган дарт аныктоо түрлөрүнөн бир топ эле ыкчам жана арзан. Текшерүүнүн жыйынтыгын 5 мүнөттө билсе болот.

Батут

Ойлоп тапкан: Джон Ниссен, 16 жаш

       Балдар секирип ойногон батуттун идеясы 16 жашар гимнастчы Джордж Ниссенге таандык. 80 жылдан ашык тарыхы бар бул буюм өзгөрүүгө деле учураган жок.

Электрондук сүрөттү жөнөтүү

Ойлоп тапкан: Фило Фарнсуорт, 15 жаш

         Азыркы телеберүү Фило Франсуортко рахмат айтышы керек. Ал 15 жашында өзүнүн химия мугалимине сүрөттү узак аралыкка электрондук жол менен жөнөтүү долбоорун көрсөткөн. Анын табылгасына чейин телеберүү механикалык модулда иштечү.

         Булак:  AdMe.ru