КОРЕЯ КЫЗЫКТАРЫ

        Кореяга барганга эң жакшы учур жаз жана күз мезгилдери. Анткени жазда дарактар баарысы гүлдөп ачылып айланага көрк берсе күзүндө баарысы саргайып айлана өзгөчө кооз көрүнөт. Жайы ыссык жана жамгырлуу, кышы суук болуп шамал каттуу жүрөт.

        1394-жылдан тарта түштүк кореянын борбору Сеул болуп эсептелет. Сеул сөзүн которгондо борбор дегенди түшүндүрөт. Борбордогу метро политен узундугу, чоңдугу жана көп адамга кызмат кылгандыгы боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Сеулда курулган “Банпо”  көпүрөсү  эң узун асан-үсөн түсүн берип туруучу көпүрө болуп гинестин рекордор китебине кирген. Ал сеулдун символдорунун бири катары эсептелип,  мында жашоочулар  жана  туристер  кечинде эс алууга келишет.   Статистикалык маалыматтарга карганда кореялык ар бешинчи аял пластикалык операция жасатышат. Бул алар үчүн кадимки эле көрүнүш катары бааланат. Кызыгы мектепти бүтүрүп жаткан кыздарына белек катары ата-энеси пластикалык операция жасатышат.