Кылдар

   Ар  бирибиз келечекте ардактуу кесиптердин бирин аркалагыбыз келет. А сен келекте ким болгуң келет? Дал ушуну суроону биздин окурмандарга узаттык. Жообун бирге окуйлу.

      Мен келечекте ырчы болууну кыялданам. Ыр ырдап, бийлегенди абдан жактырам. Учурда үйдөн ата-энеме, бир туугандарыма ырдап берем. Алар да менин ырдагымды жактырышат. Бул талантымды өрчүтүп, белгилүү ырчылардын катарын толуктоо менин көптөн бери эңсеп келе жаткан кыялым. Окууну бүтөрү менен музыкалык билим алсам дейм. Мага негизи Айдана Дека ырчынын ырдаганы абдан жагат. Эгер ырдап калсам баардык адамдарга маанай тартылоочу шаңдуу ырларды ырдайм.

Нуралиева Айдана, № 54 ОМ, 4 “Е” кл.

      Келечекте ашпозчу болгум келем. Бул кесип өтө кызыктуу жана ардактуу десем болот. Кичинемден бери эле ар түрлүү даамдарды жасаганды жакшы көрөм. Апам тамак жасаган учурда жанына барып, жардам берип, көп нерсени үйрөнүп алдым. Мен тамак жасаганды эле эмес, даамдуу тамак жегенди да жакшы көрөм. Өзгөчө сүйүп жеген тамагым күрүч. Окуумду бүткөн соң ашпозчулукка тапшырып, билим алсам көп несени үйрөнөм. Бир эле кыргыз ашканасын эмес, башка улуттардын тамактарын жасоону кыялданам.

Жумабаева Айданек, № 54 ОМ, 4 “Е” кл.

Эгер сен да өз кыялдарың менен бөлүшкүң келсе, биздин дарекке жазып жибер.