Мен күткөн чымчык

      Сабак аяктап, баарыбыз үй-үйгө тарадык. Кээси мектепте ойноп калышты. А мен болсо  үйгө шашып жөнөдүм. Асман чайыттай ачык, жаздын жыты келип,   байчечекейлер кылтыйып чыга баштады. Чырылдап чымчыктар ар тараптан учуп келишет да, кубулжуп сайрашат. Мен мектептен келип  апама жардам бердим. Апам экөөбүз ушунчалык берилүү  менен гүл  эгип, атам болсо жаңы алынып келинген көчөттөрдү эгип жатты.

     -Эх! Ошондогу айлананын кооздугу!  Короодогу дарактардын гүл ачканын карачы. Ошондой күндөрдүн биринде бир татынакай чымчык  биздин эшигибиздин алдына учуп келип, бир кубулжуп сайрайт дейсиң! Тим эле кошулуп ырдагыңды келтирет.  Бирок ал чымчык дайыма бир убакытта,  дайыма биздин эшикке келип сайрап жатканын мен баамдап калдым. Артынан да шыкаалап карап жүрдүм. Досторума айтсам, чымчыктар сайрай берет. Көңул бурбай эле кой,-дешти. Бирок ал чымчык  дайыма эртең  менен туптуура 9.00дө келип сайрачу. Айран таң калып жүрдум. Бирок кийинчерээк ал чымчык эмнегедир  келбей калды. Мен аны жакын адамымды күткөндөй күттүм. Бирок ал таптакыр келген жок, мен андай чымчыкты башка жерден да, өзүмдүн  эшигимдин алдынан да көрө алган жокмун. Бирок канча убакыт өтсө дагы деле ал чымчыкты күтүп жүрөм.

Нурия Эрали кызы, Ю.А.Гагарин атындагы гимназия мектебинин 8 “А” классынын окуучусу