ЭКИ ЖАШТАГЫ ДАРЫГЕР

     Камбоджанын эки жаштагы тургуну Конг Кенгдин дарыгерлик касиети бүт дүйнөнү таң калтырды. Анын мындай өнөрү бар экенин жакындары кокусунан билип калышат. 

     Таякеси  катуу авариядан улам майып болуп, такыр баспай жатып калат. Врачтар да, элдик дарыгерлер да айыктыруу мүмкүн эмес экенин айтышат. Бир күнү кичинекей Конг анын жанына басып келип, “эмне үчүн баспайсың”,-,деп сурайт. Ал эми эч качан баспай тургандыгын айтат. Ошондо Конг бир нече жалбыракты таап келип, алардан чай даярдап, таякесине ичүүсүн сунуштайт. Кичинекей наристенин сөзүн кыя албай, ал даярдап берген чайды ичет да көп өтпөй эле туруп, басып кетет.

     Бул таң калыштуу окуя тездик менен тарап, Камбоджанын бардык гезиттери, телеканалдары жана радиолордон жаңыра баштайт. Ушундан баштап  бул айылга бир айдын ичинде 20 миңге жакын адам дарыланууга келет. Жаш баланын касиети менен көп жылдар бою кыймылсыз жаткандар басып кетишет. Мындан улам күндөн күнгө дарылануу, айыгып кетүү үчүн келгендердин саны арбып барат.

Булак: domfactov.com